VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, парламент жайкы эс алуудан кийин ишин 1-сентябрда баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.
30-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жетинчи сессиясы ишин аяктаган. Анын алдында 30-июндагы кезексиз сессиясында парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун билдиргенине караганда бул сессияда парламент 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алды.
Сүрөт интернеттен алынды