БШК: Айрым партиялардын документтери толук эмес болуп чыкты. Тизме

Окуялар тизмеги 26 Авг 2020 08:20
0 ой-пикир

БШК документ тапшырган 17 партия жөнүндө маалымат берди.

Айрым партияларга 48 сааттын ичинде документтерди толуктоого убакыт берилгени маалым болду.

БШКнын өкүлү Абдыжапар Бекматовдун жумушчу комиссия текшерип чыккан партиялар жөнүндө маалыматы:

1. «Актив» партиясы шайлоо күрөөсүн төлөгөнү тууралуу документи жок. 80 талапкердин тизмесин берген.

2. «Ооганстан согушунун жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясынын» талапкерлери тууралуу электрондук маалымат жок.

3. «Мекен Ынтымагы» партиясы 150 талапкердин тизмесин берген. Талапкерлер тууралуу электрондук маалымат жок.

4. «Ата Мекен» партиясы 150 талапкердин тизмесин берген. Бардык документтери толук, мыйзам талаптарына жооп берет.

5. «Мекенчил» партиясынын бардык документтери толук, мыйзам талаптарына жооп берет.

6. «Бир Бол» партиясы 109 талапкердин тизмесин берген. Бардык документтери толук, мыйзам талаптарына жооп берет.

7. «Ыйман Нуру» партиясы 102 талапкердин тизмеси берилген. Партиянын документтеринде эки талапкердин кызматтык милдеттерин токтото туруу тууралуу буйруктун көчүрмөсү жок.

8. «Замандаш» партиясынын айрым талапкерлеринин өздүк маалыматтары боюнча кемчиликтер бар.

9. «Чоң Казат» партиясы 82 талапкердин тизмесин берген. Айрым талапкерлердин өздүк маалыматтары боюнча кемчиликтер бар.

10. «Реформа» партиясынын документтерин БШКнын жумушчу тобу карап жатат.

11.«Республика» 200 талапкердин тизмесин берген. Бул партиядан да айрым талапкерлердин өздүк маалыматтары боюнча кемчиликтер бар.

12. «Бүтүн Кыргызстан» 120 талапкердин тизмесин тапшырган. Бул партиядан да айрым талапкерлердин өздүк маалыматтары боюнча жетишпестиктер бар.

13. «Социал-демократтар» БШКга 104 талапкер тууралуу маалымат берген. Партиянын эки талапкери тууралуу өздүк маалыматтарда кемчиликтер бар.

14. «Биримдик» партиясынын документтерин БШКнын жумушчу тобу карап жатат.

15. «Мекеним Кыргызстан» 200 талапкердин тизмесин берген. Айрым талапкерлердин өздүк маалыматтары боюнча кемчиликтер бар.

16. «Ордо» 101 талапкерди көрсөткөн. Бул партияда да талапкерлердин өздүк маалыматтары боюнча кемчиликтер бар.

«Кыргызстан» партиясынын документтери БШКга кечигип келгендигине байланыштуу, атайын жыйында жумушчу топтун чечими менен шайлоодон четтетилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.