Өндүрүш Токтонасыров шайлоону таза өткөрүүнү талап кылып БШКнын алдына пикетке чыкты

Окуялар тизмеги 25 Авг 2020 15:07
0 ой-пикир

Активист Өндүрүш Токтонасыров 25-августта шайлоону таза өткөрүүнү талап кылып Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) имаратынын алдына пикетке чыкты.

Ал 24-августта тизмелер боюнча документтерди кабыл алуудагы чырга байланыштуу пикетке чыкканын билдирди. Активист «Кыргызстан» партиясын каттабоону, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кызматтан кетишин, шайлоону таза өткөрүүнү талап кылды.

24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан.

Документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылган. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселе атайын жыйында талкууланарын билдирди.

Буга чейин да активист позициясында туруп, жалгыз пикетке чыгып келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.