«Кыргызстан» партиясы шайлоого катышпайт

Окуялар тизмеги 25 Авг 2020 20:25
0 ой-пикир

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» саясий партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарды. Муну менен БШК жумушчу топтун 25-августта берген чечимин колдоду.

БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин анын «ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка адам тапшырганы мыйзам бузуу болгон» деп тапты.

24-августтун кечинде «Кыргызстан» партиясы БШКдан расмий каттоодон өтүш үчүн документтерди тапшырууда эреже бузган деген негизде чыр чыккан.

БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта саат 18:00дө токтоткон.

БШКнын каттоо журналында «Кыргызстан» партиясынын өкүлүнүн документтерди алып келген убактысы кол менен оңдолуп, 17.59 деп жазылган. Видеокөзөмөлдө да алар имаратка белгиленген убакыттан кечигип кирип жатканы көрсөтүлгөн. Жарандык коом өкүлдөрү жана башка партиялар буга нааразылык билдирип, маселени жумушчу топ карай баштаган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.