Республикалык штаб «Вотсап» аркылуу “түндө дары чачып жүрүшөт” деген аудио билдирүүлөр жалган маалымат экенин билдирди. Штаб кыргызстандыктарды такталбаган маалыматтарды жайылтпоого чакырууда.
Билдирүүдө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) имарат жана жолдорду жөө же өрт өчүрүүчү техникалар менен дезинфекциялап жатканы айтылат.
Буга чейин ӨКМ дезинфекция каражаттары Саламаттык сактоо министрлигинин, эпидемиологдордун көрсөтмөсү менен даярдалып, бардык талаптарды аткаруу менен жүргүзүлөрүн билдирген.