Назарали Арипов БШКдан кетти

Окуялар тизмеги 24 Авг 2020 22:20
0 ой-пикир

Борбордук шайлоо комиссиясындагы (БШК) мүчөлүк ыйгарым укуктарын Назарали Арипов мындан ары улантпайт. Ал парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан БШКдагы ишин токтотту.

БШКнын маалыматына караганда, ал «Республика» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттагына ат салышат.

Шайлоо 4-октябрга белгиленген. Алгач парламентке ат салышууга 44 партия ниетин билдирген. 24-августта БШК алардын 17си тийиштүү документтерди тапшырганын, эми талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерүү башталганын кабарлаган.

Интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.