Кой-Таш окуясы боюнча кийинки териштирүү 19-августка белгиленди

Окуялар тизмеги 17 Авг 2020 17:34
0 ой-пикир

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 17-августта Кой-Таш окуясы боюнча жараян онлайн уланып, прокурорлор айыптоо корутундусу менен тааныштырып бүттү. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Айыптоо корутундусунда айыпталуучулар окуяга күнөөлүү экени жазылган.

Айыпталып жаткандардын бири Кундуз Жолдубаева сотто өзү, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Асел Кодураңова, Ирина Карамушкина, Рыспек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиев коюлган айыптарды четке кагышканын маалымдады.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.