ИИМдин коллегия отуруму онлайн режиминде өттү

Окуялар тизмеги 10 Авг 2020 17:02
0 ой-пикир

2020-жылдын 10-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМде ички иштер органдарынын 2020-жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму онлайн режиминде өттү. Коллегияга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана айрым бир райондук шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Жыйындын негизги маселеси катары республиканын ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү каралды. Коллегия учурунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана ага баш ийген өз алдынча бөлүктөрдүн 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууга алынды. Андан сырткары, ишмердүүлүктүн ар кандай багыттары боюнча Өкмөттүн программаларындагы берилген тапшырмалар, башка стратегиялык документтер, жогорку жактагы органдардын көрсөтмөлөрү, андан сырткары, өлкөдө түзүлгөн ыкчам кырдаалдар боюнча министрлик тарабынан бир катар уюштуруучулук иш-чаралар ишке ашырылганы белгиленип кетти. Онлайн өткөрүлгөн коллегиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев: “2020-жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүнө баа берүү мезгили өлкөбүздөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал убагына, эпидемиологиялык дартты ооздуктоого багытталган коомдук иш-чараларга жана коменданттык саат киргизилген шартка туура келди. Бирок ошого карабастан коомдук тартипти сактоодо, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдын талаптарын эң жогорку талапта аткарууда, ошол эле убакта кылмыштуулукка каршы күрөшүү, кылмыштуулуктун алдын алуу, катталган кылмыштарды жана жоруктарды өз убагында тергөө жана бардык укук бузуулардын алдын алуу жана ага каршы күрөштү күчөтүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзам чегинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келди.

Коллегиянын жүрүшүндө криминалдык абал анализге алынып, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоодо негизги приоритеттүү багыттар белгиленди. 2020-жылдын 6 айында республика боюнча ички иштер органдарында 63097 кылмыш жана жорук катталып, жалпы кылмыштуулук 14,7 пайызга кыскарган. Быйылкы жылдын алты ай ичинде ички иштер органдары тарабынан өндүрүштө турган жалпы 26644 кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачуу 54,8% түздү. Бети ачылган кылмыштардын ичинен 9969 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Ички иштер органдарында жалпы 32584 (38146) кылмыш катталган. Быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде ИИО тарабынан өндүрүштө турган жалпы 16486 кылмыштын бетин ачуу 50,4% түздү. Бети ачылган кылмыштардын ичинен 6203 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Ошондой эле ички иштер органдарында жалпы 30513 жорук катталган. Быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде өндүрүштө турган жалпы 10158 жоруктардын бетин ачуу 62,0% түздү. Бети ачылган кылмыштардын ичинен 3766 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Оор жана өтө оор кылмыштардын саны кыскарган, ошондой эле коомдук жайларда да кылмыш кескин түрдө кыскаргандыгы да белгиленди. Статистикалык комитеттин жакын арадагы маалыматы боюнча, ички иштер органдарына болгон ишеним көрсөткүчү 2020-жылынын биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 32,0 баллды түзүп, 16,9 баллга жогорулаган. Коллегиянын жүрүшүндө министр Кашкар Джунушалиев, милициянын ишиндеги негизги багыттардын бири болгон калктын милицияга болгон ишенимин мындан ары да чыңдоо багытында кошумча багыттарды белгиледи. Бул ийгиликтүү көрсөткүч. Бул жасаган ишибиздин натыйжасы, дагы чече турган тапшырмаларыбыз бар, аткара турган иштерибиз арбын, демек биз бул багыттагы ишмердүүлүгүбүздү күчөтүүбуз зарыл”,- деп белгиледи. Өлкөнү санариптештирүү иш-чарасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, жарандардын анын колдонушуна оңой жетүүсү үчүн аны жөнөкөйлөтүү максатында сегиз мамлекеттик кызмат көрсөтүү “Бирдиктүү терезе” пункттары (Баткен облусунун Сүлүктү ШИИБде, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр ШИИБде, Нарын облусунун Ат-Башы РИИБде, Ош облусунун Өзгөн РИИБде, Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз РИИБде, Талас облусунун Манас жана Бакай-Ата РИИБде) ачылды. Зомбулук же жазык мыйзамдары менен тыюу салынган башка жосундарды жасоо коркунучун туудурган адамга карата анын жазык жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу расмий эскертме берүүнүн жана корголуучу адамга жакындоого тыюу салуунун формалары (КРнын Өкмөтүнүн 30.04.2020-ж. токтому кабыл алынды) бекитилди. 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы “Юриспруденция” адистиги боюнча жогорку кесиптик билим берүү жана кошумча билим берүү укугун жүргүзүүгө лицензияларды алды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Республикалык Окуу борбору Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетекчилик курамдагы кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жүргүзүү укугуна ээ болуп, лицензия алды.Ченемдик укуктук базалар жакшыртуу багытында 54 укуктук ченемдик актылар иштелип чыкты, анын ичинен: Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору-15, мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору-39 кабыл алынды). Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында (Ош шаары) факультеттер аралык кафедра түзүлдү. Баткен облусунун чек арага жакын ички иштер органдары күчөтүлдү. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу РИИБнин Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмү түзүлдү. Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу жана аларга укуктук жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 2200 даана эскертмелер (памятка) иштелип чыгарылды (мамлекеттик, расмий жана англис тилинде). Онлайн коллегиянын жүрүшүндө ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө коомдун жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, укук тартибин чыңдоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, ички иштер органдарынын бардык кызматтарында ички тартипти бекемдөөгө, укук бузууларды алдын алууга жана ички иштер органдарынын тутумун жакшыртууга, коомдук жайларда жана көчөлөрдө коомдук абалды көзөмөлдөөгө, резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачууга жана ошондой эле өздүк курамдын арасында күжүрмөн кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынып, коомдук тартипти камсыз кылууда негизги стратегиялык багыттар белгиленди.

ИИМдин Басма Сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.