23 автобус менен 1356 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Окуялар тизмеги 07 Авг 2020 18:55
0 ой-пикир

7-августта Россиянын Оренбург жана Соль-Илецк шаарларынан, ошондой эле Бузулук районунан 23 автобус менен 1356 кыргызстандык мекенине кайтып келишти. Баардыгы болуп 2456 кыргыз жараны келди.

ТИМ коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу чет элдик жарандарга Казактанга кирүү чектелгенин эске салат. Орусиянын аймагындагы кыргыз жарандарын Орусия–Казакстан мамлекеттик чек арасына расмий ачылганга чейин барбоого чакырат.

Ошондой эле, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын чечими менен орус-казак мамлекеттик чек арасында мекендештердин кезектеги топтолушун болтурбоо үчүн, Кыргызстанга Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан туруктуу негизде уча турган чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөн.

Мурдараак кайтып келген мигранттар жумушсуздардын катарын толуктап жатканы тууралуу айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.