Министрлик: ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн мигранттарынын абалы мыйзамдуу чечилген

Окуялар тизмеги 03 Авг 2020 18:23
0 ой-пикир

КР Экономика министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 2020-жылдагы ЕЭКтин кезексиз жыйынында COVID-19 коронавирус дартынын жайылышынын алдын алууга багытталган иш-чаралардын турмушка ашуусу тууралуу буйругу чыкты. Анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен чараларды ишке ашыруусу боюнча координацияланган иш-аракеттери камтылган. 

Тактап айтканда, тараптар коронавирус оорусунун жайылышына каршы тез чара көрүү максатында кабыл алынып жаткан иш-аракеттер жана улуттук ченемдик актылар боюнча ыкчам маалымат алмашуу, улуттук саламаттык сактоо мекемелеринин ишмердигин туруктуу координациялап жана калктын санитардык-эпидемиологиялык абалын камсыздоо боюнча келишимге жетишкен. 

Биримдикке кирген мамлекеттердин өкмөттөрүнө өз ара жардам көрсөтүү жана бири-бирине гуманитардык, даректүү коммерциялык ташууларды аткаруу маселелерин иштеп чыгуу тапшырылган. Азыркы тапта бул иш жолго коюлуп калды. Зарыл товарларды ыкчам ташып келүү боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктары бар кызматкерлер да аныкталган.

Азыркы жугуштуу дарттын таралуусунун алдын алуу боюнча кабыл алынган чаралардан улам пайда болгон катаал кырдаалда, ЕАЭБ мамлекеттеринин көп жумушчулары өз мекенине жете албай кыйын абалга дуушар болушкан. Бул маселени чечүү үчүн ЕАЭБ биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрү, жарандар кайсы мамлекетте болсо, алардын укуктук абалын ошол жерде жөнгө салуу үчүн, бир катар чараларды кабыл алышкан.

Тактап айтканда Россия Федерациясынын миграция тармагында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын Россияда мыйзамдуу жүрүшү боюнча убактылуу чаралар киргизилген. Ушундай чаралардын натыйжасында Россиянын ИИМ бөлүмдөрүнө барып канча убакыт болуу мөөнөтүн каттабай эле, миграциялык каттоого турбай, же убактылуу жашоого уруксат албай же жашоого уруксат берүүчү документи жок эле 2020-жылдын 15-сентябрына чейин мигранттардын Россияда болуусу автоматтык түрдө узартылды.

2020-жылдын 15-мартынан 15-сентябрына чейин Россиянын мыйзамдарын бузган ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарын депортация кылуу, же административдик түрдө чыгарып жиберүү чечимдери кабыл алынбайт. Ал эми 15-мартка чейин депортациялоо же административдик түрдө чыгарып жиберүү чечимдери кийинкиге калтырылат.  

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.