Европадан Кыргызстанга 137 жаран учуп келди

Окуялар тизмеги 03 Авг 2020 12:07
0 ой-пикир

Бүгүн, 3-август күнү Минсктен Кыргызстанга 137 жаран учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү учак менен келген жарандардын тизмеси Европа мамлекеттериндеги КР жарандарын кайтаруу максатында Кыргызстандын Украинадагы элчилиги жана Кыргызстандын Европа мамлекеттериндеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан түзүлгөн. Кайтарылган жарандардын арасында Беларус, Австрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Польша, Швеция, Финляндия, Украинада билим алган студенттер бар.

Министрлик чет жерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын билдирет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.