Чечен Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Окуялар тизмеги 03 Авг 2020 08:43
0 ой-пикир

Чечен Республикасы Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 51 млн 41 миң 917 рублга бааланган жүктү жардамга жөнөттү. Бул Кыргызстан менен Россия тараптын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашты, деп маалымдайт республикалык ыкчам штаб.

Жардам Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттик чек арасындагы «Ак Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктуна жеткирилди. Тиешелүү иштер аткарылгандан кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлөт.

Гуманитардык жардам катары: коргоочу кобинезондор — 24 100 даана, үч кабаттуу беткап — 24 729 даана, полимердик материалдан жасалган көз айнек — 5248 даана, бет калкандар — 10 649 даана жана башка медицина тармагына муктаж болгон каражаттар келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.