Бишкекке Санкт-Петербургдан 173 жаран кайтарылды

Окуялар тизмеги 02 Авг 2020 11:46
0 ой-пикир

Кечээ, 1-августта Бишкекке Санкт-Петербургдан 173 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын жарандары «Тез Жет» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын өз ара аракеттешүү боюнча ыкчам штабынын алдындагы комиссия тарабынан түзүлгөн.

«Комиссия тарабынан тандап алуу кыргызстандык жарандардын жеке кайрылууларынын негизинде гуманитардык критерийлерге ылайык жүргүзүлгөн. Маселен бул каттам менен Россиянын окуу жайларында билим алган студенттер, боюнда бар жана кичинекей балдары бар аялдар, оор илдети бар жана Россияга хирургиялык операция жана башка медициналык процедураларды жүргүзүү үчүн келген, жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу мекенине кайтып жаткан жарандар кайтарылды», — деп айтылат маалыматта.

Чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.