3-августтан тарта «Унаа» мамлекеттик ишканасынын карантинге жабылган бир катар бөлүмдөрү ишин жандандырат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Каттоо кызматынан белгилешкендей, Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Талас аймактык бөлүмдөрү жана Бишкек шаардык бөлүмдүн Лебединовка айылында Победа проспектиси 121Б дарегинде жайгашкан бөлүмчөсү, Кызыл-Кыя шаарында Масалиев көчөсүндө жайгашкан Баткен аймактык бөлүмү жана Баткен аймактык бөлүмдүн Баткен шаары Раззаков көчөсү 77 дарегиндеги Баткен сектору 3-августтан тарта кайра иштей баштайт.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган бөлүмдөр өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу карантинге жабылган.