Шайлоо-2020: дагы 14 массалык маалымат каражаттары аккредитациядан өтүштү

Окуялар тизмеги 01 Авг 2020 12:57
0 ой-пикир

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн дагы 14 массалык маалымат каражаттарын аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар: «Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадио уюму», «Ысык-Көл кабарлары», EVENT, «Марва ТВ Плюс», «Манас жаңырыгы» телеканалдары, «Вести Иссык-Куля», «Сельская новь», «Достук», «Дустлик», «Республика», «Параграф», «Новые лица» гезиттери, «Салам» радиостанциясы жана «РухЭш» интернет-булагы.

Белгилей кетсек, буга чейин шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга 210 массалык маалымат каражаттары жана интернет басылмалары аккредитациядан өтүшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.