Ошко Екатеринбургдан 239 жаран кайтып келди

Окуялар тизмеги 01 Авг 2020 09:06
0 ой-пикир

31-июлда Ошко «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын Екатеринбург-Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 239 жараны кайтып келди.

ТИМдин маалыматына ылайык, бул каттам менен Россиянын жогорку окуу жайларынын студенттери, КРга кайтып келүүгө өтө муктаж жарандар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Магнитогорск, Салехард, Ханты-Мантийск, Новый Уренгой, Курган жана Пермде жүргөн турмушу оор кырдаалдагы жарандар келди.

Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси келип түшкөн жарандардын кайрылууларын, Урал федералдык аймагындагы шаарлардын жана региондордогу кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана «Урал аба жолдору» авиакомпаниясына билеттерди мурда сатып алгандарды эске алуу менен түзүлдү.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.