Кыргызстанда дагы 900 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаарында 412 киши, Ош шаарында – 50, Чүй облусунда – 41, Ош облусунда – 54, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 233, Жалал-Абад облусунда – 52, Баткен облусунда 34 бейтап коронавирустан айыкты.
Ошол эле учурда, акыркы суткада коронавирустун жаңы 494 учуру катталды.
Жалпысынан азыркы тапта өлкөдө коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 36 миң 299га жетти. Илдеттен жалпы 26 миң 426 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1397ни түзөт.