Казакстанда COVID-19га каршы алгачкы эмдөө жүргүзүлдү

Окуялар тизмеги 01 Авг 2020 16:24
0 ой-пикир

Казакстандын улуттук агрардык университетине караштуу Эл аралык вакцинология борборунун адистери өлкөдө биринчи жолу коронавируска каршы эмдөө жүргүзүштү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Австралияда иштелип чыккан COVAX-19 аталышындагы вакцина вакцинология борборунун жетекчиси Кайсар Табыновго сайылган.

«Жакында эле ден соолугумду тыкыр текшерүүдөн өткөргөндөн кийин COVAX-19 препараты менен эмдөө кылдырдым. Учурда өзүмдү жакшы сезип жатам, терс реакция болгон жок», — деген Табынов.

Анын айтымында, учурда вакцина клиникалык сыноонун биринчи баскычынан өтүп жатат. Үч айдан кийин тестирлөөнүн экинчи жана үчүнчү этабы болот, ага он мамлекеттен 30 миңден 100 миңге чейин ыктыярчы катышары күтүлүп жатат.

Ошол эле учурда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги Эл аралык вакцинология борборунан COVAX-19 препаратын клиникалык изилдөөдөн өткөрүү үчүн эч кандай билдирүү түшпөгөнүн билдирген.

Булак: Sputnik

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.