Россияда жашаган миллиардер Алишер Усманов Өзбекстанда коронавирус менен күрөшүп жаткан ар бир медицина кызматкерине сый акыга каражат бөлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, жалпысынан олигарх 100 миллиард сум (10 миллиондой доллар) каражат бөлгөн. Ага ылайык, дарыгерлер беш миллион сумдан (500 доллар) алат, ортоңку медицина кызматкерлерине төрт миллион сумдан (400 доллар) тийет.
Эскерте кетсек, теги өзбекстандык болгон миллиардер Алишер Усманов кайрымдуулук долбоорлорун байма-бай ишке ашырып келет. Ал спорт, анын ичинен көркөм гимнастика менен футболго көп акча бөлөт. Ал Россияда жана Өзбекстанда көптөгөн спорт имараттарын салган. Ошондой эле Өзбекстандагы «Өнүккөн айыл» долбооруна да 50 млн доллар кайрымдуулук жасаган.
Алишер Усманов 1953-жылы 9-сентябрда Наманган облусунун Чуст районунда туулган. Учурда Forbes журналынын маалыматына караганда анын мүлкү 13,4 миллиард долларга бааланат.