Кыргызстанда 1-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 494 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 36 миң 299 адамга жетти.
Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:
- Бишкек шаары – 112
- Ош шаары – 66
- Чүй облусу – 33
- Ош облусу — 95
- Талас облусу – 2
- Нарын облусу – 16
- Ысык-Көл облусу – 94
- Жалал-Абад облусу – 53
- Баткен облусу – 23
Тилекке каршы, акыркы суткада коронавирустан 19 бейтап каза тапты. Бишкекте 3, Ош шаарында 3, Чүйдө 2, Ысык-Көлдө 4, Ош облусунда 2, Жалал-Абадда 3, Нарында бир жана Баткенде бир адам илдеттен кайтыш болду.
Кыргызстанда каза болгондордун жалпы саны 1397 адамды түздү.