Новосибирсктен Бишкекке 184 кыргызстандык кайтып келди

Окуялар тизмеги 31 Июл 2020 11:31
0 ой-пикир

Бүгүн, 31-июлда «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 184 жараны учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, жүргүнчүлөрдүн тизмесине кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, оор илдеттери барлар, жакында эле Новосибирсктеги клиникаларда хирургиялык операция жасаткандар, оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар жана Сибирь аймактарындагы окуган ЖОЖдорунда окуган студенттер кирди. Аны менен бирге, бул каттам менен Новосибирск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Түштүк-Сахалин, Хабаровск, Красноярсктан, ошондой эле Сибирь Федералдык Округунун башка шаарларынан мекендештер кайтып келишти.

Ошондой Новосибирсктеги кыргыз диаспорасы тарабынан жалпы суммасы 200 миң рублга барабар дары-дармектер жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу 2 аппараттан турган гуманитардык жардам келди.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.