Дубай-Бишкек багыты боюнча Кыргызстандын 175 жараны келди

Окуялар тизмеги 31 Июл 2020 17:35
0 ой-пикир

«Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай—Бишкек багыты боюнча Кыргызстандын 175 жараны келди. Алардын арасында жаш балдар бар экенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-июлда билдирди.

Ошондой эле бул каттам менен Кыргызстанга Оман, АКШ, Иордания, Индонезия, Германия, Түштүк Корея, Афганистан, Пакистан, Кувейт, Австрия, Швейцария өлкөлөрүнөн кыргызстандыктар кайтып келишти. Алар Дубайдын аэропортунан транзиттик каттамга отурушкан.

«Дубай шаарынын аэропортунда каттамга каттоо алдында жүргүнчүлөрдөн коронавирус инфекциясына экспресс-тесттер алынып, жыйынтыгында оору аныкталган жок», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.