Жалал-Абад шаарында кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бала бакча имараты оорукана иретинде пайдаланууга берилип, 120 орунга ылайыкташтырылды. Керектүү жабдыктар менен камсыздалып, шарттар түзүлдү.
Бүгүн Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жаңы ачылган жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү шарттар менен таанышып чыгышты. Бул бөлүмдү ачууну Нурболот Мирзахмедов демилгелеп, шаардык мэрия колдоого алган.
Кошумча ачылган жугуштуу оорулар бөлүмү Жалал-Абад шаарынын тургундарын жана облустагы башка район-шаарлардан жарандарды кабыл алат. Имарат Курманбек аймактык башкармалыгында жайгашкан. Азырынча облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө орун жетишпестиги жарала элек.