Бүгүн, 30-июлда «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен 283 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Учакта орундуктардын саны чектелүү болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн.
Тизмеге каттамга төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Кыргызстанга чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар киргизилген.
Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.
Пандемия башталгандан бери чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга жалпы 20 миңден ашык жаран 60ка чукул мамлекеттен алынып келинди. Алардын көбүн Россиядагы кыргыз мигранттар түздү.