Пандемия учурунда 60га чукул мамлекеттен 20 миңден ашуун кыргызстандык кайтты

Окуялар тизмеги 29 Июл 2020 17:15
0 ой-пикир

Пандемия башталгандан бери чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга жалпы 20 миңден ашык жаран келди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык жарандар 60ка чукул мамлекеттен алынып келүүдө. Алардын көбүн Россиядагы кыргыз мигранттар түздү. 

«Март айынан бери Россияда оор абалда калган кыргызстандыктарга жардам берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Эл аралык миграция уюмунан 20 миң доллар грант алып, Россияда өзгөчө Новосибирск, Оренбургда оор абалда, жумушсуз жана жашаган жери жок калган жарандарга жардам бердик. Аларга шарт түзүп, тамак аш, жатакана менен камсыз кылдык.

Ошондой эле, учурда Россияда калган мекендештерди ишке орноштуруу боюнча иштер жүрүүдө. Пандемия башталгандан бери 2 миңге жакын кыргызстандык жаранды Россияда туруктуу ишке орноштурдук. Алар кафе-ресторандарда, жеткирип берүү кызматтарында, тейлөө борборлорунда ишке орношуп, иштеп жатышат», — деди Самат Токтоболотов.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.