Акыркы суткада дагы 1 миң 47 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаарында 389 киши, Ош шаарында – 100, Чүй облусунда – 117, Ош облусунда – 95, Нарын облусунда – 31, Ысык-Көл облусунда – 110, Жалал-Абад облусунда – 92, Талас облусунда – 52, Баткен облусунда 61 бейтап коронавирустан айыкты.
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын саны көбөйдү. 27-июлда 483 учур жаңы катталса, 817 адам айыгып чыкты. 28-июлда 548 кишиден вирус табылса, 1091 бейтап ооруну жеңди. Бүгүн 29-июлда коронавирустан сакайып чыккандардын саны жаңы катталгандарга салыштырмалуу эки эсеге жакын көп болду.
Учурда өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 34 512ге жетти. Анын ичинен 23 343 киши ооруну жеңип, айыгышты.