Дайынсыз жоголушту. Эже-сиңди изделүүдө

Окуялар тизмеги 29 Июл 2020 16:09
0 ой-пикир

Жалал-Абадда 10 күндөн бери дайынсыз жоголгон эже-сиңди изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Аук айылынын тургундары 16 жаштагы Сабырбекова Нурзада Нуралиевна жана 15 жаштагы Сабырбекова Нурзия Нуралиевна 2020-жылдын 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйүнө чыккан бойдон дайынсыз жоголушкан. Бүгүнкү күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда.

Учурда Нурзада жана Нурзиянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууда коомчулуктан жардам сурайт.

Нурзада Сабырбекованын өзгөчө белгилери: Бою 140-145 см, өңү ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы кара, узун.

Кийген кийими: Кызыл түстөгү көйнөк.

Нурзия Сабырбекованын өзгөчө белгилери: Бою 160-165 см, өңү сары, кашы-көзү сары, чачы сары, кыска.

Кийген кийими: Көк түстөгү көйнөк.

Нурзада менен Нурзиянын кайда экенин билгендер болсо, анда төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздарды милиция суранат: (03734) 5-05-44, 0553 78 00 78, 0500 14 00 06, 0770 14 00 06

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.