COVID-19ду жеңгендер ден соолугун кантип калыбына келтирүү керек? Адистин кеңеши

Окуялар тизмеги 29 Июл 2020 18:33
0 ой-пикир

Коронавирус инфекциясынан айыккандан кийин организмди калыбына келтирүү үчүн тамактагуу жана кыймылдоо режимин сакташ керек. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 23 миңден ашык адам COVID-19 вирусунан айыкты. Көпчүлүк адамдар айыккандан кийин дем алуу кыйындап, демигип, алсырап, тез чарчап каларын айтышат.

«COVID-19 вирусунан кийин организмди калыбына келтирүү узак убакытты талап кылат. Калыбына келүү процесси ар кимде ар кандай өтөт. Ал дарттын оордугуна, адамдын организмине жараша болот. Ооруп айыккандан кийин дем алуу гимнастикасын жасап, физикалык жактан активдүү болуп, белок камтылган жана витаминдерге бай тамактар менен тамактануу зарыл. Ошондой эле өтө үшүп калуудан сактануу керек», — деди ал.

Нурила Алтымышева белгилегендей, дем алуу гимнастикасы дем алуу органдарын жакшыртууга жана канды кычкылтек менен байытууга жардам берет. Оорудан айыккандан кийин алгачкы күндөрү денеге көп күч келтирбөө керек.

«Бир аз басып, дайыма өзүнүн абалына көз салуу абзел. Жай басып, күнүнө таза абада 30 мүнөт сейилдөөдөн баштоо керек. Көбүрөөк суюктук — компот, морс, лимон, жалбыз кошулган чай ичүү зарыл. Куурулган, туздалган, ышталган тамак-аштарды колдонууну чектөө керек. Ошондой эле санитардык эрежени, социалдык аралыкты сактап, эл көп топтолгон жерлерге барбаңыздар», — деди ал.

Алтымышева өзгөчө оорусу орточо оор жана оор формада өткөндөргө реабилитация керек экенин кошумчалады. Ошондой эле темеки чегүүдөн жана ичимдик ичүүдөн баш тартуу зарыл.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.