Быйыл ажылык сапарга канча адам барды?

Окуялар тизмеги 29 Июл 2020 13:18
0 ой-пикир

Курман айтка бир күн калганда, тагыраак айтканда арапа күнү дүйнө жүзү боюнча Сауд Арабияга ажылыкка барган бардык зыяратчылар ошол Арафат тоосунан негизги ажылык амалдарды жасашы кажет. 

Бирок быйыл пандемиядан улам Сауд Арабиясынын ажы жана умра иштери боюнча министрлиги жагдай жөнгө салынмайынча ажылыкка камынгандарды сапарга ашыкпай турууга чакырган.

Быйыл он миң киши гана зыярат кыла алат, алардын үч миңи – падышалыктын жарандары, калган жети миңи – өлкөдөгү чет элдиктер, иш сапарда жүргөндөр жана студенттер. Алардын баары коронавируска тест тапшырып, ажылыкка чейин жана андан кийин эки апталык карантин чараларын сактоого макулдугун билдиришти.

Ошондой эле бир катар чектөөлөр болуп, адамдардын ортосундагы аралык, жеке гигиеналык эрежелердин сакталышы көзөмөлгө алынат. Ажыларга Кааба ташына жакындоого да уруксат берилбейт. Сапарга баруучулар алдын ала катуу карантинде болушкан.

Эскерте кетсек, былтыр Сауд Арабияга ажылык сапар үчүн дүйнө жүзү боюнча 2,5 млн адам барган. Биздин өлкөдөн 5,5 миңдей адам зыярат кылып келген.

Ал эми быйыл Кыргызстанга 6110 квота берилген, бирок коронавирустан улам ажылык сапар ишке ашпай калды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.