Шайлоо-2020: партияларга эскертүү берилди

Окуялар тизмеги 28 Июл 2020 08:54
0 ой-пикир

«Реформа» саясий партиясына шайлоо эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган партия соцтармактарда өздөрүнүн урааны жана программасынын тезистери камтылган кыска видеотасмаларды жайгаштырган. БШК бул материалдарды үгүт деп баалап, партияга эскертүү берүү чечими кабыл алынган.

Ошондой эле «Реформа» партиясы бардык соцтармактарга жайгаштырган роликтерин өчүрүшү керек. Аталган партия бул чечимге комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, буга чейин «Бирик» партиясына эскертүү берилген. БШК партиянын пандемия учурундагы көрсөтүп жаткан жардамын үгүт өнөктүгү катары баалаган.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, үгүт иштери добуш берүүгө бир ай калганда башталып, бир күн калганда токтотулат.

4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниети менен кырктан ашык саясий партия документтерин тапшырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.