Кыргызстандыктар Москвада түлөө өткөрүштү

Окуялар тизмеги 28 Июл 2020 09:18
0 ой-пикир

25-июлда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев баш болуп, Москва шаары жана Москва облусундагы жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, түлөөгө Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, Миграция кызматынан Орусиядагы өкүлдөрү Бейшенов Майрамбек Доорбек Абдразаков, ИИМдин Орусиядагы өкүлдөрү Жанбаев Нурлан, ИИМдин КМШ өлкөлөрү боюнча өкүлү Аскат Алиев, Кыргыз Диаспорасынын аксакалдары, Кыргызстандын жети бурчунан Москвада эмгектенген мекендештердин катышуусунда өткөрүлдү.

Түлөөгө бодо мал союлуп, анын эти мекендештерге таратылып берилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.