“Гомофобия, коркутуу, опузалоо — Кыргызстандагы ЛГБТ-коомчулугунун жашоосунун бир бөлүгү”. Лилия Тен менен маек

Аналитика, Интервью 28 Июл 2020 13:22
0 ой-пикир

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1990-жылы Эл аралык оорулар классификациясынан гомосексуалдарды алып салган. Ошол күндөн тарта расмий медицинада бир жыныстык мамилелер психикалык оору катары кабыл алынбай келет. Бирок көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда гомофобия расмий дагы кадимки көрүнүш катары дагы кабыл алынбай келет. Дал ушул себеп менен 2013-жылдын февраль айында Бишкекте the GRACE деп аталган бейөкмөт уюм пайда болгон. Алардын ишмердүүлүгү Борбор Азияда жана Кыргызстанда ЛГБТ коомчулугу кабылган кодулоолорду, укук бузууларды алдын алууга багытталган.  

Elgezit.kg менен болгон маегинде уюмдун жетекчиси Лилия Тен ЛГБТ-коомчулугу кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканы жана өз өлкөсүндө алар өзүн коопсуз сезеби же жокпу айтып берди.

— 7 жыл ичинде сиздин ишиңизде кандай өзгөрүүлөр болду?

— 2013-жылы биз гомофобияга каршы күрөшүүнүн жаңы жолдорун изилдөө үчүн чогулганбыз. Мен бул уюм түзүлгөндөн бери иштеп жатам. “Каршы туруу”, “күрөш” деген сөздөрдү жаман көрөм. Биз позитивдүү иш жасайлы дегенбиз – адам укуктарын коргоо, теңчилик, дискриминацияга жол бербөө. Башкача айтканда, күрөшүп эмес, белгилүү бир идеологияны түптөйлү дегенбиз. Биздин негизги иштерибиздин бири – бул коомчулукка гомосексуал деген түшүнүк тууралуу маалымат берүү. Объективдүү маалыматтын жоктугу гомофобияга алып келет деп санайбыз. Муну видеороликтер, маалыматтык иш-чаралар, акциялар жана кампаниядар аркылуу жеткирүүгө аракет кылуудабыз. Ошондой эле ЛГБТ-коомчулуктар менен иштеп, аларды окутуп, колубуздан келген жардамды жана колдоону беребиз.

2013-жылдан бери биздин уюмдун иши ошол эле бойдон калды, чоң деле өзгөрүүлөр болгон жок. Бир гана акыркы бир нече жылда биз лесбиянкалар, бисексуалдар, квирт-аялдар (англ. Queer – сексуалдык жана гендердик өзгөчөлүктөрү гетеросексуалдуулукка жана цисгендердикке (эки жыныстуулук) туура келбеген адамдар — Elgezit.kg) менен көп иштеше баштадык. Эмнеге? Анткени биздин коомдо аялдар көбүрөөк аялуу катмарга кирет. Ал эми аялдар жалпы күтүлгөн социалдык талаптарга жооп бербесе, ал кодулоого туш болот. Бул ЛГТБ-коомчулугунун ичинде да сезилет. Ошондуктан биз ушундай багытты тандап алдык.

— 7 жыл ичиндеги жеңиштер, жеңилүүлөр, табылгалар жана жоготуулар тууралуу айтып берсеңиз.

— Дароо айтайын: мен жумушума сын көз караш менен карайм? Cебеби the Grace уюмунун жетекчисимин. Мен сыймыктанчу бир топ жеңиштерибиз бар. Алардын бири ЛГБТ-адамдарды колдогон ролик тартып, YouTube-каналга жүктөгөнүбүз болду. Буга чейин башка уюмдар дагы роликтерди тартышкан, бирок алар коомчулуктагы адамдарга эле көрсөтүлчү, себеби аларды башкаларга көрсөтө алышу эмес. Биз бул роликтерди көрсөтүүдө балдардын коопсуздугун кантип сактаса болорун карап чыгып, жолун таап, жайгаштырдык. Бул теманы көтөрүп чыгып, ачык айткандардан биринчи биз болдук.

 Бизде [the Grace] өнөктөштүктү жакшы түзө алат. Бир катар долбоорлор болду. Алардын бири журналисттер менен иштөө. Биз тренингдерди өткөрүп, «гомосексуал» деген эмне экенин, бул теманы кандай чагылдырса болору тууралуу маалымат берчүбүз. Эч кимди капа кылбай, бирок объективдүү маалымат жеткирүүнү үйрөтчүбүз. Адвокаттар менен иштөө боюнча жакшы долбоорубуз бар болчу, биз аларды чогултуп иш алып бардык. Алардын айрымдары азыркыга чеийн бейөкмөт уюмдар менен тыкыр кызматташып, ЛГБТ-адамдарга жардам берип келишет. Башкача айтканда, алар бул теманы терең түшүнүп, ЛГБТ-коомчулугу кандай көйгөйлөргө туш болорун мыкты билип калышкан. Менин оюмча бул эң чоң жеңиш.

2018-жылы биз айымдардын лидерлиги боюнча чоң конференция өткөрдүк. Анда 10 айым сөз сүйлөгөн, алардын арасында ЛГБТ-коомчулуктан да аялдар бар болчу. Бул эң кызыктуу тажрыйба болду. Ошондо биз ЛГБТ-уюмдары ЛГБТ-коомчулук жана өнөктөштөр менен гана иштеп чектелбешибиз керектигин түшүндүк. Жаңы өнөктөштөрдү издөө керектигин түшүндү, бул баарыбыз үчүн абдан маанилүү болду.

Биздин жеңишке өзүбүз тарткан “Анын тарыхы” деп аталган тасманы да кошсок болот. Ал 2020-жылы 26-январда Бишкекте жабык көрсөтулгөн. Бул биздин жарандар тарткан лесбиянкалар, бисексуалдар тууралуу уникалдуу тасма.

Буга чейин документалдык тасма тарткан чет жактагы кесипкөй адистер келчү. Бир долбоорго мен катышып, маек бергем, көпкө чейин сүйлөштү. Бирок натыйжада бирибиз дагы даяр продукт көрө алган жокпуз. Ошондуктан “Анын тарыхы” – бул биз тууралуу биздин мекендештер тарткан чоң эмгек. Менимче, тасма эң сонун тартылган.

— Ушул жылдар аралыгында ийгиликсиз иштер да болдубу

— Ооба, андай учурлар да болду. 7 жылда биз 7ге дакын долбоорду ишке ашырдык. Бейөкмөт уюмдар үчүн бул жетишсиз. Ийгиликсиз болду дегеним, мындан да көп долбоорлорду ишке ашырсак болмок. Тилекке каршы, жасай албадык. Бул каражатка жана убакытка келип такалган маселе.

— Биздин өлкөдө ЛГБТ-адамдар кандай көйгөйлөргө туш болот?

—Алар кандай көйгөйгө туш болбогонун айтуу оңойураак го дейм. Мен каршылаштарыбыз эмне деп айтып жүрүшкөнүн айтайын. Эң башкы айтылып жүргөн сөз – бул гомосексуализм жана, бисексуализм – бул оору дешкендер. Жок, бул оору эмес, кепти ушундан баштайлы. Эмнеге бул оору эмес экенинин себептерин айтып кереги жок деп ойлойм. Бул оору эмес экенин далилдеген белгилүү бир стандарттар бар, медицина, окумуштуулар бар.

Экинчи жаңылыштык… Азыр бир аз күлкүлүү болот. Кыздар тууралуу “ал жакшы эркекти жолуктура албаганы үчүн лесбиянка болду” деп айтышат. Ал эми гейлерди жөң гана жаман көрүшөт. Эркек өзүнүн артыкчылыктарынан баш тартып, аял болууда деп жактырышпайт. Ошондуктан гейлерди “катын” дешет.

Гомофобия тууралуу айтсак, бул физикалык күч колдонуу – келип сабап кетишкет. Сөз менен кемсинтишкен учурларды айтпай эле коеюн. Көчөдө тааныбаган эле адам сенин кебетең башкачараак экенин көрсө: “Сен лесбиянкасың же гейсиң” деп ачык эле бетке айтышат. Бул ЛГБТ-адамдардын жашоосунун бир бөлүгү.

Аялдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн учурлар бар: “А сен ушундай экенсиң, демек жакшы эркек көрө элек окшойсуң. Мен сени “дарылайм” деп чыгышат”. Милициялар атайылап эле акча талап кылган учурлар болот.

— Бул кандайча болот?

—Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ЛГБТ-адамдар менен таанышуу сайттары аркылуу таанышып, жолугушууга чакырышат. Ал жолугушууга келгенде сайттагы жазышууну көрсөтүп: “Сенин жакындарыңа, кесиптештериңе көрсөтөм. Болбосо акча бер” дешет. Бул акча талап кылуунун классикалык схемасы.

— Ушундай акча талап кылууга учураган тааныштарыңыз барбы?

— Ооба, бар. Жада калса, милиция кызматкери ЛГБТ-адамга кол салып, бычак менен сайган учур да болгон. Милиция кызматкери жолугушууга чакырыптыр, ал гомофоб болчу экен. Жабырлануучу гей болгон, ал кадимки эле жолугушууга келдим деп ойлогон. Башында алар сүйлөшүп, кийин чакырган адам ага бычак менен кол салган. Гей өзүн коргой албай калган, дагы жакшы аман калды.

Бул 4 саат мурун болгон окуя. Жабырлануучу жардам сурап биздин уюмдагы  жактоочуга кайрылган. Сотко бердик, жактоочу аны утуп чыкты. Кол салган адам келтирилген чыгымдарды төлөп берген.

Көпчүлүк учурда ЛГБТ-адамдар түнт болушат. Алар жада калса, милицияга кайрылгандан да коркушат, себеби маалымат ата-энесине жетип калат деп коркушат. Ал эми алар буга даяр эмес. Жада калса, мындай иш милицияга жеткен күндө деле Кыргызстанда гомофобия же жек көрүү себеп болгон деген юридикалык классификация жок экен. Мыйзамга ылайык, мындай кол салуулар бейбаштык же денеге оор залал келтирүү катары эле каралып калат.

— Ал азыр Кыргызстанда жашайбы?

— Ооба, ал бул жерде. Анын жашоосу өзгөргөн жок, ал ЛГБТ экенин жашырып жашап жүрөт.

 Мындай абалга көнүп каласың. Башка өлкөдө же шаарда жашап айырманы сезмейинче ушул абал туура, ушундай болушу керек деп жашай бересиң.

— Кыргызстанда ЛГБТ-адамдардын укуктарына байланышкан көйгөйдү чечүү жолун кандай көрөсүз? Балким, бул үчүн ыңгайлуу убак өлкөнүн экономикасы гүлдөп өскөндө болот чыгар…

— Мен экономикага байланыштуу дегенге чоң суроо белгисин коет элем. Менимче, бул бири-биринен көз каранды болбогон нерселер. Дүйнөдө идеалдуу өлкө жок. Бардык жерде ЛГБТ-коомчулуктарда көйгөй бар, болгону бир жерде жакшыраак, бир жерде начар дегендей.

Кыргызстан тууралуу айтсам, мен нерсени өз аты менен атаганды үйрөнүшүбүз керек дейт элем. Мисалы, гомофобиядан улам кылмыш болсо, ошондой аталсын. Ошондой эле укуктук талаага өтүүбүз керек. Менимче, бул жалгыз туура жол. Бул ЛГБТ-адамдардын башкалар менен болгон мамилесиндеги көйгөйдү чечүүгө болгон кадам болмок. Бирок ал баары бир аягына чейин чечилбейт. Маданий, тарыхый мурас, экономикалык фактор… Бул жерде бир гана комплекстүү кадамдар керек, убакыт, адамдар, өсүү.

— Кыргызстанда ЛГБТ-активдүүлү Батыштан саясий качкын статусун алуу үчүен керек деген пикирлер да бар. Буга эмне дей аласыз?

— Алар кимдер экен? (күлүп) Эгерде ушундай ойлоп жатышса, Кудай үчүн ойлой беришсин. Эки нерсе бар. Биринчи – ар бир адамдын жашай турган жерин тандоо укугу, бул адам укугу декларациясында жазылган. Эгерде адам жашаган жерин өзгөрткүсү келсе, анда себептер бул жерде экинчи орунда. Экинчиси – иммиграция тууралуу. Өзүн-өзү сатып, анан башка өлкөгө качып кеткидей, биздин активисттер акылсыз эмес. Негизи кандай болот? ЛГБТ-адам активдүү болуп, бир нерсени өзгөрткүсү келет. Ал ошол багытта иш алып бара баштайт. Тилекке каршы, анын иши жашоосуна тоскоол болуп, өлкөдөн кетүүгө аргасыз болот. Биздин коомчулукта эч нерсе кылбагандар да бар. Бирок алар ЛГБТ-адам болгондуктан аларга жашоого мүмкүнчүлүк бербеген шарттар коюлуп, алар карыган ата-энесин таштап өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон учурлар да бар. Нидерландыга менин бир таанышым кеткен. Бул жерде жумушунда гомофобия болчу – аны дайыма кысымга алышып, коркутуп-үркүтүшкөн. Бул 5 жыл мурун болгон окуя.

ЛГБТ-активисттердин арасында чет жакка иммиграцияга кетүү үчүн баарына даярлар бар экенин да танбайм. Себеби биз баарыбыз ар түрдүүбүз…

— Сиздин уюм тарткан “Анын окуясы” аттуу документалдык тасма тууралуу айтып берсеңиз.

— Тасма тартуу идеясы 5 жыл мурун келген. Аны тартууга каражатты эми гана алдык. 2019-жылдын күз айларынан баштап тарттык. Биринчи этап – даярдануу – абдан татаал болду: биз бетин ачык көсөтүп сүйлөп бере турган баш каармандарды табышыбыз керек эле. Себеби каармандарды бетин көрсөтпөй же артынан тартуу анча жакшы ыкма эмес. Ошентип көпкө издедик.

Натыйжада 3 кыз таптык. Алардын экөө тасмада жүзү ачык тартылышты. Алар жашоосу кандай болуп өзгөрүп кетерин билишет. Үчүнчүсү бетин көрсөтпөй тартылууга макул болду, ошондуктан артынан тарттык. Натыйжада ЛГБТ-аялдар көргөн кордуктарды чагылдырган документалдык тасма пайда болду.

Материал Elgezit.kg тарабынан Норвегия-Хельсинский комитети тарабынан “Корголбогондордун окуясы: Кордук көргөндөр менен таанышуудан баштап зомбулуктун алдын алууга чейин” долбоорунун алкагында даярдалды.

Маектешкен Каныкей МАНАСОВА

Сүрөт: Наталья Заманских

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.