Ошко Россиядан 344 кыргызстандык учуп келди

Окуялар тизмеги 26 Июл 2020 09:15
0 ой-пикир

25-июлда «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен 160 кыргызстандык кайтып келди. Алар төрөтү жакындап калган кош бойлуулар, жаш балдары бар аялдар, оор илдетке кабылгандар жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылган кыргыз жарандары.

Кыргызстанга кайтууну каалагандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн.

25-июлда Россиядан дагы бир каттам менен Кыргызстандын 184 жараны учуп келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск облусундагы КР Башкы консулдугуна келип түшкөн Новосибирск аймактарында жашаган КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Тизмеге оор илдеттери барлар, жакында эле Новосибирсктеги клиникаларда хирургиялык операция жасаткандар, оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар жана Сибирь аймактарындагы окуган ЖОЖдорунда окуган студенттер кирди. Аны менен бирге, бул каттам менен Иркутск, Сахалин, Томск облустарындагы жана Саха-Якутия республикасындагы мекендештер кайтып келишти.

Ошондой эле бул рейс менен Новосибирсктеги кыргыз диаспорасы тарабынан жалпы суммасы 500 миң рублга барабар дары-дармектерден турган гуманитардык жардам келди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.