Кыргызстан 11 өлкөдөн гуманитардык жардам алды

Окуялар тизмеги 24 Июл 2020 14:55
0 ой-пикир

Кыргызстан коронавирус менен күрөшүүдө гуманитардык жардамды 11 өлкөдөн алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, келип түшкөн жардам медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык маанидеги буюмдардын 25 аталышын камтыйт.

“Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн министрликтин буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн. Бардык маалыматтар www.med.kg  сайтына жайгаштырылып жатат. Бул убакыттын ичинде биз 11 өлкөдөн гумжардам алдык. Алар: Азербайжан, Кытай Эл Республикасы (КЭР), Түркия, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Швейцария, Иран, Өзбекстан, Россия, Америка Кошмо Штаттары”, — дейт Шадыханов.

Ал жергиликтүү жана эл аралык 65 уюмдан гуманитардык жардам келип түшкөнүн кошумчалады.

Жалпысынан чет жактан жасалма дем алдыруучу 149 аппарат, кычкылтек концентраторунан 322, пульсоксиметрден 225, байланыш термометрден 3 миң 353, портативдик тепловизордон 86, коргоочу комбинезондон 138 миң 403, экспресс-тесттен 146 миң, ПЧР тесттинин топтомунан 20 миң, респиратордон 293 миң 92, беткаптан 1 млн, колкаптан 850 миң 132, антисептиктен 54 миң 813 литр, бахилден 208 миң 99 даана, 95%дык спирттен (1000 мл) 19 миң 998, коргоочу көз айнектен 52 миң 171, халаттан 65 миң 624, коронавирусту аныктоочу топтомдор 22 миң 681, дезинфекциялоочу каражаттардан 2 миң 215 литр, оорукана керебетинен 400, керебеттин жанына коюлучу монитордон 10, шейшеп комплектилеринен 990, жасалма дем алдыруучу аппаратынын шаймандарынан 20, бетке арналган калканчадан 53 миң 73, дары каражаттарынан 13 миң 286 даана келип түштү.

Шадыханов кошумчалагандай, 14-июлга карата Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан 46 миң 200 даана бет калканча, 14 миң 600 коргоочу көз айнек, 57 миң бир жолу колдонуучу халат, 150 миң респиратор келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.