Екатеринбургдагы мигранттардын мушташы: Кыргызстан жана Тажикстандын 18 жараны кармалды

Окуялар тизмеги 24 Июл 2020 12:11
0 ой-пикир

Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү жана РФнын Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Екатеринбург шаарында массалык мушташ уюштурган кыргыз жана тажик жарандары кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Дем алыш күнү кыргыз менен тажик жарандары ортосунда болгон окуядан кийин социалдык тармактарда «тажиктерди жазалоо жөнүндө» терс чакырыктар тарай баштаган. 2020-жылдын 21-июлунда кыргыз жана тажик улутундагы белгисиз адамдар Москванын аймагындагы коомдук жайда массалык мушташ чыгарган.

Жогорудагы факты боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин Түндүк административдик аймагынын башкы башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча кылмыш ишин козгогон. Аталган факты боюнча шектүү катары Кыргыз Республикасынын 9 жараны жана Тажикстандын 9 жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.