ЕАЭБ биримдигиндеги экономикалык кырдаал биримдикке кирген өлкөлөрдүн бардыгы үчүн маанилүү

Окуялар тизмеги 24 Июл 2020 20:58
0 ой-пикир

Ички рыноктун суроо-талаптарын камсыздоо үчүн кыргыз өкмөтү азык-түлүктөрдү жана керектелүүчү товарларды сыртка чыгарууга чектөө койгондугун Экономика министрлиги билдирди. Ошол эле учурда ички рынокто суроо-талап жок болгон бирин-экин товарлардын сыртка чыгарылышына уруксат берилди. Мындан тышкары айрым дары-дармектерге жана медициналык каражаттарды да Кыргызстандан чыгарууга тыюу салынгандыгын аталган министрлик тарабынан белгиленди.

ЕАЭБ биримдигине кирген мамлекеттерде да коронавирус пандемиясына байланыштуу оперативдүү иш-чараларды ишке ашыруу, экономикалык абалды жөнгө салуу боюнча ЕАЭБ  коллегиясынын тарифтик эмес жөнгө салуу тууралуу чечими чыгып, анда СИЗдерди, дезинфекциялоочу каражаттарды, медициналык багыттагы материалдар менен каражаттарды башка өлкөлөргө чыгарууга убактылуу тыюу салынган. Мындан тышкары бир катар азык-түлүктөрдү, жашыл-жемиштерди да ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып чыгууга тыюу салынган. 

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана дартты Кыргызстанга жайылтпоо үчүн, Кыргызстанда жүк ташуучу автомашиналардын жүрүүсү да өзгөргөнүн Экономика министрлиги билдирди. Бул өзгөрүүлөр жүк ташууларды үзгүлтүксүз кылып жана ички рынок үчүн зарыл болгон товарлардын убагында келүүсүн камсыздап, экспортко чыгып жаткан продукцияларды да калыбында кармоого жардам берди.

Мындан тышкары ЕАЭБ алкагындагы келишимдерге ылайык, жүк ташуучу транспорттордун белгилүү шарттарды карманып, “жашыл коридор маршрут” менен кирүүлөрүнө жол ачылды. Товарларды да токтоосуз алмашып туруу боюнча бул биримдикке кирген өлкөлөр менен келишимге жетишилген.

Бүгүнкү күндө Торугарт көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун ачуу боюнча Бажы кызматы Кытай тарап менен иш алып барууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.