Новосибирсктен 208 кыргызстандык кайтып келди. Мигранттар жиберген жардам кошо келди

Окуялар тизмеги 23 Июл 2020 18:17
0 ой-пикир

Бүгүн, 23-июлда “Сибирь” авиакомпаниясынын “Новосибирск – Бишкек” багыты боюнча чартердик каттамы менен 208 мекендешибиз кайтып келди. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул каттамдын тизмесине Новосибирсктин ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар киргизилген. Сибирь аймагында эмгектенген мигранттар 700 миң рубль өлчөмүндөгү медициналык каражаттар жана дары-дармектерди берип жиберишкен.

Ошондой эле Бишкекке коронавирус менен күрөшүүгө 8 ыктыярчы медкызматкер учуп келди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.