Нуриля Чолпонбаева: Президент Жээнбеков ачыктыгын жана бирге иштөөгө даяр экенин көрсөттү

Аналитика, Интервью, Окуялар тизмеги 22 Июл 2020 15:58
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө активдүү катышып жаткан активисттер жана ыктыярчылар менен жолугушту.

Жолугушууда кандай талкуу болуп, кандай көйгөйлөр көтөрүлгөнү тууралуу активист, «Поколение Best» кыймылынын лидери Нуриля Чолпонбаева Elgezit.kg редакциясына айтып берди.

— Нуриля, өлкө президенти менен жолугушуудан эмне күттүңүз эле жана ал үмүтүңүз акталдыбы?

— Жолугушууга чейин эле социалдык тармактардагы “диван эксперттер” эч кандай пайда чыкпай турган жолугушууга бара жатканыбызды жазышып, бизди сындап жатышты. Ал эми чын чынына келгенде иш-чара ачык болду, эч кандай регламент болгон жок, ар бирибиз оюбузду толук жеткире алдык, убакыт боюнча чектөөлөр болгон жок. Президентке курч суроолор берилип жатты, айрым учурларда өтө катуу сындар да айтылды. Эч кандай тартынуу болгон жок, бир столдун айланасына чогулгандар баарыбыз тең экенибизди сезип турдук. Мактоо, жагалдануу болгон жок. Катышуучулар бийликти мактаган, “дүжүр” активисттер эмес экени кубандырды. Президент Жээнбеков ачык, жөнөкөй адам экен, ар бирибизди угуп, көпчүлүк маселелерди өз көзөмөлүнө аларын билдирди.

— Президенттин алдында кандай маселелер көтөрүлдү?

— Иш-чараны өлкө башчысы өзү ачып берди, жасап жаткан ишибиз үчүн бизге ыраазычылык билдирип, азыр ыктыярчыларга ишеним жогору экенин белгилеп, балким биз ага караганда коронавирус тууралуу көбүрөөк маалыматка ээ болушубуз мүмкүн экенин, себеби биз “талаада” иштеп жатканыбызды айтты.

Иш-чараны Бабур Тольбаев ачты, ал коронавирус инфекциясынан көз жумгандарга Куран окуду. Экономист катары ал президентке өлкөнүн финансылык тармагын жандандыруу чаралары тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, ал 6 пайыздык жеңилдетилген насыядан баш тартууну сунуштады, себеби азыр эл ансыз деле насыядан насыя алып, карызга батып калганын белгиледи. Бабур Тольбаев анын ордуна жардамга муктаж болгондорго накталай акча берүүну сунуштады. Ал АКШны мисал келтирип, ал жакта 1200 доллардан компенсация төлөнгөнүн белгиледи. Анын пикиринде, бул каражат өлкөнүн экономикасын жандандырууга жакшы шарт түзүп, өлкөдөгү социалдык чыңалууну басаңдатат.

Көпчүлүк гуманитардык жүктөрдү салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотууну суранышты. Тактап айтканда, Россиядан 6 млн долларлык жардам келиши керектигин, бирок салык менен байланышкан бюрократиялык көрүнүштөрдөн улам жүк дагы деле Кыргызстанга келе электигин айтышты.

Эркин Рыскулбеков коронавирус инфекциясынан каза болгондорго бир күн аза күтүү сунушун берди. Ошондой эле коррупция, мамлекеттик органдар керектүү медициналык жабдыктарды сатып алып жатканда баалар жогору көрсөтүлүп жатканын айтты. Ыктыярчылар ошол эле аппараттарды алда канча арзан сатып алышканы мисал келтирилди. Президент бул маселени жеке көзөмөлүнө аларын билдирди.

Мындан сырткары башкы дарыгерлерден, Саламаттыкты сактоо министрлигинен корккон медиктер тууралуу маселе көтөрүлүп, алар өз көйгөйү, жеке коргонуучу кийимдердин жетишсиздиги, дары-дармектердин тартыштыгы, компенсация төлөнбөй жатканы тууралуу ачык айтып чыга алышпаганы да белгиленди. Сооронбай Жээнбеков бул маселени дагы көзөмөлгө аларын айтып, дарыгерлерди бардык көйгөйлөр тууралуу ачык айтып чыгууга чакырды.

— Facebook баракчаңызга президентке чындыкты айтууга сөз бергенсиз. Сиздин чындыгыңыз кандай эле?

— Биринчиден, мен медиктерге компенсация төлөнбөй калган көйгөйгө туш болдум. “Кызыл аймакта” иштеген дарыгерлер үчүн камсыздандыруу уюштуруп берүүнү сурандым. Ошондой эле жаңы ооруканаларды куруу маселеси да көтөрүлдү. Президент сентябрь айында Бишкек жана Ош шаарына жеңил курулуш каражаттарынан 2 инфекциялык оорукана куруларын билдирип, сөз берди. Ошондой эле мен башка илдет менен ооругандарга да көңул бөлүүнү сурандым. Жүрөк-кант тамыр оорулары, кнат диабети, онкологиялык ооруга чалдыккан бейтаптарга өзгөчө көңүл бурууну сурандым. Азыр көпчүлүк канды суюлтуучу дарыларды ичип жатышат, күзүндө инфаркт жана инсульт болгондор көбөйбөйбү деген суроо туулду. Ошондуктан башка илдет менен күрөшө турган ооруканалардын баарын оңдоп-түзөө керек. Президент кандай иштерди аткарып жатканы тууралуу элге маалымат жетпей жатканын да айттым. Биз өлкө башчысы кандай иштерди аткарып жатканын өз оозунан уктук. Бирок бул тууралуу эл билбейт, эл ал эч нерсе кылбай эле отурат деп жатат. Ооба, ал өзүн мактагысы келбегенин түшүнөбүз. Бирок ал эл менен көбүрөөк жолугушуусу керек, онлайн-эфирлерди уюштуруусу керек. Бизге, ыктыярчыларга келип, кандай иштеп жатканыбызды да көрүп кетсе болот.

— Президент менен байланышуу мындан ары кандай жол менен кетмей болду?

— Сооронбай Жээнбеков белгилүү бир убактан кийин жолугушуу салтын улантууну сунуштады. Ишибиздин жыйынтыгы тууралуу сүйлөшмөй болдук. Ошондой эле ал башка активисттер, врачтар менен онлайн-жолугушууларды өткөрөрүн билдирди. Мындан сырткары, биз WhatsApp-чат түздү, ал жакка бүгүнкү жолугушуунун бардык катышуучулары кирди, анын ичинде президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева, президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер Аида Исмаилова да бар. Президент суроолор болсо ушул чатка жазып турууну, керек болсо отургуч, катетер жетишпей жатса да кайрылсак болорун билдирди. Бул схема көп маселелерди чечүүгө жардам берет деп ишенем.

— Сиздин оюңузча, президент баардыгыңыздарды уктубу?

— Мен мисалы жолугушуудан жакшы таасир алдым. Президент ачык экенин жана коронавирус менен күрөшүүдө биргеликте иштөөгө даяр экенин көрсөттү. Эшерде жакынкы 2 жумада биздин жолугушуунун жакшы жыйынтыктары билине баштаса, анда жолугушуу текке кеткен жок деп санасак болот. Ошондуктан келгиле, иш кандай өңүттө уланарын карап туралы.

Маектешкен Семетей АМАНБЕКОВ

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.