Россияда «Өлбөс полктун» жүрүшү кийинки жылга жылдырылды

Окуялар тизмеги 20 Июл 2020 20:10
0 ой-пикир

Россияда «Өлбөс полктун» жүрүшү кийинки жылга жылдырылды. Бул тууралуу «Спутник» агенттиги жазды.

Жыл сайын 9-майда болчу жүрүштү коронавирустун жайылып кетүү кооптуулугунан улам кийинкиге жылдырышкан. Алдын ала 26-июль деп белгиленген. Бирок Россиядагы «Өлбөс полктун» уюштуруучулары быйыл токтото туруп, келерки жылы толук кандуу өткөрүүнү сунуштаган. Владимир Путин «Өлбөс полктун» жүрүшүн кийинки жылга жылдыруу идеясын колдогон.

Эскертек кетсек, Россияда аталган иш-чара 9-май үнү онлайн-форматта өттү. Ага катышууну каалаган ар бир адам фронтко катышкан атасын, чоң атасын же жакынын сүрөтүн атайын иштелип чыккан интернет сайтка коюуга мүмкүнчүлүк алды.

«Өлбөс полктун» онлайн долбооруна баш-аягы болуп үч миллионго чукул адам катышты. Ал эми түз алып берүүнү дүйнөнү чар тарабынан 25 миллионго чукул адам көрдү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.