Башкортостандан 51 медициналык кызматкердин келери күтүлүүдө

Окуялар тизмеги 19 Июл 2020 16:30
0 ой-пикир

Россия Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө 51 медкызматкер, жеке коргонуучу каражат жана дары-дармек жөнөтөт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга Россиядан медкызматкерлерден турган чоң топту жиберүү боюнча эки тараптын ортосунда маселе каралып жатат. Айта кетсек, Кыргызстандын медициналык мекемелеринде иштөөгө жана кеңеш берүүгө Россиядагы Башкортостан Республикасында 51 медициналык кызматкерден турган команда топтолду. Аталган дарыгерлер тобу 22-июлда келери күтүлүүдө.

Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан гуманитардык жардамдын келери пландалууда.

Мындан сырткары, Кыргызстан менен Россиянын региондор аралык кызматташуусунун алкагында, Чечен Республикасынан медициналык дары-дармек жана жеке коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жардам берилери күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Россия Федерациясы буга чейин Кыргыз Республикасына ПЦР-тест-системаларын (110 миң изилдөөгө), дары-дармектерди, медициналык жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын тапшырган..

3-июлда Кыргызстанга Роспотребназдын делегациясы, Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги келген, анда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал иликтенип, COVID-19 илдетинин жайылышы менен күрөшүүдө практикалык көмөк көрсөтүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.