Президент каза тапкан ыктыярчы кыздын атына багыштап куран окуду. ФОТО

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 14:20
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков күндүзгү стационарда иштеп жүрүп каза тапкан судент кыздын үйүнө барды.

Мамлекет башчысы Адинайдын ата-энесине, туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын атына багыштап куран окуду.

«Түшүнүп турам, азыр эч бир сөз сиздерди соорото албайт. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат. Сиздердин оор кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен мен кезинде өз баласын жоготуп, кайгыга батып турган апамды эстеп жатам», — деди Жээнбеков, Адинайдын апасына кайрат айтып жатып.

«Сиздер ушундай зирек, жашоону сүйгөн, адамдарды сүйгөн кызды тарбиялап өстүрдүңүздөр. Кудайым сиздерге — ата-энесине, туугандары менен жакындарына сабырдуулук, бекем ден соолук жана узак өмүр берсин», — деп белгиледи президент.

Адинайдын ата-энеси ал мектептен бери медицина кызматкери болууну кыялданып, Ысык-Атанын Юрьевка айылынын орто мектебин мыкты аяктап, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, Медициналык академияга өткөнүн айтып беришти. Адинай төрт кыздын улуусу экени айтылды.

15-июлда президенттин жарлыгы менен Адинай Мырзабекова “Эрдик” медалы менен сыйланды.

Медакадемиянын 5-курсунун студенти, 22 жаштагы Адинай Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы катары иштеп жатып 13-июлда каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги ыктыярчы кыздын өлүмүнө, баштапкы маалыматка караганда, пневмония себеп болгонун жарыялаган.

Июль айынын башында Бишкекте жана аймактарда ооруканаларда орун жок калып, шаар бийлиги кошумча күндүзгү стационарларды ачкан. Өкмөт дарыгер жок болуп жаткандыктан, медициналык билими барлардын баарын мобилизацияга чакырган.

Бүгүн Ош шаарында ачылган күндүзгү стационарда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №8 филиалынын врачы Матлюба Каримова көз жумду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.