Ошто ачылган күндүзгү стационарда дарыгер көз жумду

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 10:55
0 ой-пикир

Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №8 филиалынын врачы Матлюба Каримова көз жумду.

Media Center жарыялаган маалыматта, Матлюба Каримова кечээ, 15-июлда “Каныкей” ресторанында ачылган күндүзгү стационарда каза болгон. Ал көп жылдардан бери Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №8 филиалында логопед болуп эмгектенип келген.

Дарыгер 61 жашында пневмониядан каза болгону жана артында 3 кыз, 1 уулу калганы айтылат.

Белгилей кетсекк, өлкөдө эпидемиологиялык абалдын курчуп кеткендигинен улам ооруканаларда орун жетишпей калган. Бишкекте жана аймактарда убактылуу стационарлар ачылган. Анда бейтаптарга жардам берип жүрүп, экинчи дарыгер көз жумду. Буга чейин 21 жаштагы Адинай Мырзабекова 14-июлда кайтыш болду. Студент-медик коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.