Күндүзгү стационарда каза болгон студент-медиктин үй-бүлөсүнө 1млн сом төлөнөбү? Расмий жооп

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 21:26
0 ой-пикир

Бишкекте убактылуу стационарда каза болгон студент Адинай Мырзабекованын жакындарына бир миллион сом төлөп берүү маселеси каралат. Ал үчүн жакындары арыз менен кайрылышы керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген кызматкер же медиктерге компенсация төлөө боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү комиссиясынын катчысы Индира Жумабаева билдирди.

Жумабаеванын айтымында, негизи бир миллион сом толук кандуу иштеп, коронавирустан каза тапкан медицина кызматкерлерине төлөнүш керек деп көрсөтүлгөн.

«Мырзабекова Медакадемиянын студенти эле. Стационарда коомдук башталгычтагы ыктыярчы медайым болуп иштеп жаткан, башкача айтканда, толук кандуу дарыгер же медик катары иштеп баштай элек болчу. Бир миллион сом мындай учурга каралган эмес. Бирок эгер ата-энеси тиешелүү документ, арыз менен комиссияга кайрылса, бул маселени каралып чыгат», — деди комиссиянын катчысы.

Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев көз жумган Мырзабекова медицина кызматкери болуп эсептелгендиктен, жакындарына бир миллион сом төлөнүп берилиши керектигин айтты.

Буйрукта кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алып каза болгон медиктерге бир миллион сом төлөнүп берилиши керек деп жазылган. Мындай учурда бул кыздын жакындарына да каражат төлөнүшү керек», — деди Жумакеев.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин адистер Адинайдын сөөгүн ачып көрүшкөнүн, алдын ала маалыматтар боюнча ал пневмониядан көз жумганын кабарлашкан.

Комиссия катчысы Индира Жумабаева пневмониядан каза болгон дарыгер, медиктер каза болгондон кийин жакындарына бир миллион сом төлөп берүү маселеси карала электигин кошумчалады.

«Азыр өлкө ичинде көбү ооруп атат. Ошол учурларды талдап жатабыз. Бирок комиссияда пневмониядан көз жумгандардын жакындарына бир миллион сом төлөп берүү маселеси карала элек. Негизи аймактарда коронавирустан, пневмониядан каза болгон медиктердин жакындарынан документтер келип жатат», — деди Жумабаева.

Эске салсак, 13-июль күнү Бишкектеги стационарлардын биринде ыктыярчы-медайым болуп иштеп жаткан студент кыз Адинай Мырзабекова каза болгон. Ага президенттин жарлыгы менен «Эрдик» медалы ыйгарылды.

Өкмөт коронавируска чалдыгып, каза болгон медицина кызматкерлерине 1 млн сом, ал эми бул илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлерге 200 миң сом компенсация төлөнөрүн убада кылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.