ФОМС: Пневмония жана COVID-19га кабылгандар бекер дарыланат

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 17:38
0 ой-пикир

Кыргызстанда пневмония жана COVID-19 инфекциясына кабылгандар бекер дарылана алышат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков 16-июлдагы онлайн брифингде билдирди.

Калыковдун айтымында, пневмония жана COVID-19 диагноз коюлган бейтаптарды бекер дарылоо туралуу чечим кабыл алынды.

Ал учурда медицина кызматкерлерине жыл башынан бери бөлүнгөн каражаттарга токтолду. Өлкө боюнча 20 миңден ашык медициналык кызматкер ( 5308 дарыгерлер, 9556 орто медкызматкер, кенже медкызматкер 3398, 2671 ар кандай кызматкерлер) кенемте алышты. Инфекциянын очогунда иштеген медкызматкерлерге жалпы 503,6 млн. сом өлчөмүндө кенемте төлөндү.

Расмий маалыматка караганда, 16-июлда өлкө боюнча 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Жалпысынан республикада 2076 медициналык кызматкерден коронавирус табылып, анын 583ү айыкты. Алты медициналык кызматкер коронавирус менен күрөшүп жүрүп, илдет жуктуруп алгандан кийин каза болгону маалымдалган.

Өкмөт коронавируска чалдыгып, каза болгон медицина кызматкерлерине 1 млн сом, ал эми бул илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлерге 200 миң сом компенсация төлөнөрүн убада кылган. Азырынча коронавирустан каза болгон дарыгерлердин канчасына акча төлөнүп берилгени расмий айтылган жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.