Кыргызстанда 16-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 521 учур катталды. Анын ичинен аялдар — 286, эркектер — 235. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 273, Чүй облусу — 74, Ош шаарында — 38, Ош облусу — 16, Жалал-Абад облусу — 43, Ысык-Көл облусу — 30, Баткен облусу — 39, Талас облусу 8 адам.
Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 12миң 498 адамга жетти.
Алардын ичинен : Бишкек шаарында — 5727, Чүй облусунда – 2196, Ош шаарында — 1203, Ош облусунда – 745, Жалал-Абад облусунда – 757, Нарын облусунда – 654, Баткен облусунда – 460, Ысык-Көл облусунда – 412, Талас облусунда — 104.