Бир сутка ичинде 75 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова кабарлагандай, Бишкек шаарынан 23, Чүй облусунан 18, Ош шаарынан 4, Ош облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 3, Баткен облусунан 20, Нарын облусунан 3, Талас облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде 243, жалпысынан 1 миң 897 киши айыкты.
Жалпысынан Кыргызстан боюнча айыккандардын саны 5 миң 632 кишини түздү.
Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 521 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 12 миң 498ге жетти. Коронавирус жуктурган 167 адам каза болду.