Атактуу индиялык актёр, модель жана продюсер Сону Суд коронавирус пандемиясынан улам мекенине кайта албай жаткан индиялык студенттерди алып кетүүгө убада берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги жеке баракчасына жазды.
Буга чейин, Бишкекте окуп жаткан индиялык студенттер актёрго кайрылып, үйүнө алып кетүүсүн өтүнүшкөн.
Өз кезегинде актёр чет өлкөдө окуп жаткан мекендештерине жардам бере турганын айтып, «бул менин кийинки миссиям» деген.
Эгерде актёр жардам берсе 4 миң индиялык студент мекенине кайтат.