16-июль: пневмониядан 41, коронавирустан 7 адам каза болду

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 10:23
0 ой-пикир

Соңку суткада коронавирустан 7, пневмониядан 41 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасында – 1 (78 жаштагы эркек), Баткен облустук ооруканасында – 1 (71 жаштагы аял), Нарын облустук ооруканасында – 1 (72 жаштагы аял), Жайыл аймактык ооруканасында – 2 (42 жаштагы аял, 63 жаштагы эркек), Кара-Буура аймактык ооруканасында – 1 (79 жаштагы эркек) жана Панфилов бейтапканасында – 1 (53 жаштагы эркек) адам коронавирустан каза болду.

“Бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын ичинен 20 адам республика боюнча жана Бишкекте 21 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 612 адам”, — деди Акматова.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 12 миң 498ге жетти. Алардын 167 си каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.