Түркия Кыргызстанга дары-дармек жана медициналык жабдыктарды жөнөттү

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 14:23
0 ой-пикир

Түркиядан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди. Бүгүн, 15-июлда «Turkish airlines» авиакомпаниясынын учагы «Манас» аэропортуна 330 жургүнчү менен конгон.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, гуманитардык жардам коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык жабдыктар түрүндө жөнөтүлгөн.

Алар:

  • өпкөнү жасалма дем алдыруу 20 (ИВЛ) аппарат;
  • 50 кычкылтек концентратору;
  • 20 миң ПЧР-тест;
  • 20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому;
  • 50 миң N95 коргоочу бет кап;
  • 100 миң хирургиялык бет кап;
  • 35 миң коргоочу костюм;
  • 2 миң бет кап – козыректор;
  • 10 миң таңгак гидроксихлорохин дарысы.

Буга чейин февраль айында дагы Түркиядан Кыргызстанга тест-системалар, бет каптар, коргоочу костюмдар, коргоочу фильтри менен бет каптар жана коргоочу көз айнектер алынып келген болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.