Президент саламаттыкты сактоо жаатындагы өлкөнүн белгилүү адистери менен жолукту

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 17:20
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда саламаттыкты сактоо жаатындагы өлкөнүн белгилүү адистери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, кырдаалга анализ кылуу жана божомолдоо, илдеттин өзгөчөлүктөрү жана аны дарылоо боюнча пикир алышуу болду. Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларынын илимий пикирлерин, ошондой эле өлкөнүн саламаттык сактоо тутумунунун азыркы кырдаалда жаралган көйгөйлөрүн чечүү үчүн практикалык сунуштарын укту.

Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарында илдетке чалдыгуунун өсүү тенденциясы байкалганына токтолуп, жер-жерлердеги медиктерге кеп-кеңештерди берүүнүн, алардын квалификациясын жогорулатуу маселесине токтолду.

Жолугушуунун катышуучулары өлкөдөгө эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча калктын саламаттыгын коргоо үчүн токтоосуз чечимдерди талап кылган бир катар сунуш-пикирлерди айтып чыгышты. Иш-аракеттерди координациялоо үчүн Коомдук саламаттыктын улуттук институтун түзүүнү сунуш кылышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга төмөнкү дарыгерлер катышты:

— медицина илимдеринин доктору, профессор, И. Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов;

— ДССУ эксперти Касымбек Мамбетов;

— медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев;

— медицина илимдеринин доктору, профессор, Россия табият таануу илимдер академиясынын академиги, «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов;

— медицина илимдеринин доктору, профессор, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Айнура Кутманова;

— медицина илимдеринин доктору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова;

— Ден соолукту бекемдөө республикалык борборунун (ДБРБ) директору Нуриля Алтымышева;

— Дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.